Билим күнү: Кадамжайда жаңы мектеп ачылды (сүрөт)











Баткендин Кадамжай районунда жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 1-сентябрда Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ачылышына катышты.
Ага ылайык, буга чейин аталган айылдын 600дөн ашуун окуучусу ашар жолу менен курулган эски мектепте билим алып келген. Ал эми жаңы мектеп 275 орундуу, бардык керектүү шарттары менен курулган.
Белгилей кетсек, бүгүн билим күнүндө Кыргызстанда 42 мектеп ачылып, пайдаланууга берилди. Дагы 100 мектептин курулушу жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.