super.kg logo

Өлкөдө ЖКККББ кызматкерлери мектептердин айланасындагы жол кыймылын жөнгө салууда 

 

ИИМдин жол кайгуул кызматкерлери өлкө аймагындагы мектептердин айланасында иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы окуу жылынын башталышында ЖКККББнын кызматкерлери республика аймагындагы жалпы орто мектептерге бекитилип, мектептин айланасында жол кыймылын жөнгө салууда.

Ага ылайык, мектептерге жакын жайгашкан көчөлөрдө, жол чырактардын астыларында жана жөө өтмөктөрдө окуучулардын коопсуздугу үчүн тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Ошондой эле мектептердин айланасында жол тыгындарын болтурбоо үчүн көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тыгындарын жөнгө салып, туура эмес токтотулган авто унааларды алдырууда.

"Мектептердеги иш-чаралардын соңунда алгачкы класстардын окуучуларына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жол эрежелерин эскертип, атайын анимациялык видео тасмаларды көрсөтүшүүдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери алгачкы класстын окуучуларынын ата-энелеринен окуучулар мектепке чейинки жолду, аралыкты толук жаттап билгенге чейин, өздөрү коштоп алып келип, алып кетип турууну өтүндү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: