Бүгүн Бишкекте мектептердин курулушуна старт берилет. Ага Путин видео байланыш менен катышат

Маалым болгондой, алгачкы үч кыргыз-орус мектебинин курулушу үчүн капсула аземине президент Садыр Жапаров жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин видеокөпүрө форматында катышат.
Долбоорго ылайык, өлкөнүн бардык облустарында тогуз заманбап жалпы билим берүү мекемеси курулат. Курулуш иштери долбоорлоо-иликтөө иштери жыйынтыкталып, долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталат.
"Алгачкы үч мектепти 2025-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү мерчемделүүдө. Андан кийин жылына үч мектептен курулуп, ачылып турат. Натыйжада 2029-жылга чейин курулуп бүткөн тогуз мектепте 11 миңден ашуун окуучу билим ала алат", - деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, бул боюнча маалыматты 29-августта мугалимдердин республикалык август конференциясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирген. Анда Байсалов бардык облустарда жана Бишкек менен Ош шаарларында 1224 орунга чейинки 9 биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарын этап-этабы менен куруу каралганын билдирген. Курула турган мектептер Кыргызстан менен Орусиянын билим берүү стандарттарынын негизинде сабак өтүп, окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө эки өлкөнүн аттестаттары бериле турганы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.