Бишкекте быйыл 20 миңден ашуун 1-класстын окуучулары мектеп босогосун аттады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, борбор калаанын мектептеринде коноктордун жана ата-энелердин катышуусунда салтанаттуу линейка өтүүдө. Бул күнү 20 миңден ашуун 1-класстын окуучулары биринчи жолу мектеп босогосун аттап, биринчи коңгуроо кагылды.

"Бишкектин билим берүү системасы 103 жалпы билим берүү уюмунан, 95 мектепке чейинки билим берүү уюмунан жана 6 мектептен тышкаркы уюмдардан турат. Жыл сайын окуучулардын, орто эсеп менен 8589 баланын санынын динамикалык өсүшү байкалууда, бул төрөлүүнүн жана ички миграциянын өсүшү менен байланыштуу", - деп айтылат маалыматта.