super.kg logo

Өлкө боюнча жалпы 43 жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты

 

Бүгүн, 1-сентябрь күнү 43 мектеп жана 5 спорт зал окуучулар үчүн эшигин ачты. Бул тууралуу Архитектура, курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов социалдык баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, негизинен 36 мектепти жаңы окуу жылына бүтүрүү пландалган, бирок жалпы 43 мектеп бүттү.

"Жаңы окуу жылына карата 36 мектепти бүтүрүүнү пландаганбыз. Кудай жалгап 43 мектепти бүтүрдүк. Курулушчулар башка обьектилерди да убагында бүткөрүү үчүн баардык аракеттерди жумшап жатат, ушул багыт менен кетсек жаңы бүткөн мектептердин саны күн сайын көбөйө берет", - деди Мырзабек Жыпаркулов.

Мындан тышкары өлкө боюнча жалпы 204 мектептин имараты башталып, анын 100 мектеби ушул жылы бүткөрүлөрү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: