ПОЭТЕРАПИЯ: "Атыңды жазып чекеме, айланам бир күн айылыңды"
SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы акын Малик Назарматов.
ЖҮЗ ЖАШ БЕРЧИ ЭНЕКЕМЕ ЖАРАТКАН
Азаптарга туш болсом да нечен-миң,
Алсырабайм, сыноолорго бекеммин.
Эң башкысы канатында калкалаар,
Энекем бар бактылуу жан экенмин.
Издеп калат ыраактаса карааным,
Ичи эзилип оройт окшойт санаа муң.
Эр жетилип отуз ашып кетсем да,
Энем үчүн дале жапжаш баламын.
Келип калсам, жаркылдатып кабагын,
Калдыратып кирет казан-табагын.
"Кардың ачпы", эмне жейсиң балам деп,
Карбаластайт таппай берээр тамагын.
Апакебай, жарык күнүм, ак таңым,
Алыстарда калдыбы не жаш чагың?
Байкабапмын ушул күнгө келгиче,
Буурул тартып калыптыр го чачтарың.
Таанып келсем сен аркылуу ааламды,
Тентек болдум санга бөлүп санааңды.
Катуу сүйлөп койсом кээде аңдабай,
Кечир апа мендей жаман балаңды.
Өмүр деген дайра тура шар аккан,
Өз нугуна элдин баарын караткан.
Жүрө берсин жакшылыктын үстүндө,
Жүз жаш берчи энекеме жараткан!
ИТ МЕНЕН ИЗДЕП ТАБАМЫН!
Жашырдың неге изиңди?
Жашыймын эстеп жүзүңдү.
Сары оору болгон жүрөккө,
Санаадан шуру тизилди!
Жүрөсүң кайда дарексиз?
Жоругуң ушул, адепсиз.
Кайдыгер сендей сулууну,
Көксөгөн мендей жан эссиз!
Оюмдун баары чаржайыт,
Олтурам үнсүз шалдайып.
Арбалып калсам өзүңө,
Ал үчүн менде барбы айып?
Көзүмдөн жашым тамчылап,
Көөдөнүм үнсүз жанчылат.
Азапка салдың неликтен,
Ала албас өчүң барчылап?
Төлдөтүп менин кайгымды,
Таптырбай кетсең дайыныңды,
Атыңды жазып чекеме,
Айланам бир күн айылыңды!
Сыр бербей жөнөйм ак таңда,
Секетим сени тапканга.
Автобус менен жөнөсөм,
Олтурам кайсы каттамга?
Ким билет балким жол узун,
Кармайын гүлдүн сонунун.
Үмүттүү тиктеп ар кимден,
Үйүңдүн сурайм номурун!
Жан дебе мени жиниккен,
Жабыркап бүттүм күйүттөн.
Жеткенде сенин айылыңа,
Жолумдан чыккын күлүп сен!
Угуп тур калган оюмду,
Утурлап чыксаң жолумду.
Чак түштө элдин көзүнчө,
Чөк түшүп сурайм колуңду!
Жолукпай качсаң карагым,
Изиңе куугун саламын.
Ити бар мерген жалдайм да,
Ит менен издеп табамын!
КӨРҮСТӨНГӨ
Кеп башы бозоргон бул дөңдө жатат...
Ким билет?!!... дөң астында эмне жатат
Билгенге жан күйгүзөөр инсан болсо,
Билбеске катардагы пенде жатат!
Бул жерди бирде чөп да... бир кар басат,
Бул жерде бала барчын шумкар жатат.
Табына келип бирок, байгеде эмес...
О дүйнө чуркап кеткен тулпар жатат!
Бул жерде кер муруттуу жигит жатат,
Боздосом арманымды билип жатат.
Агам ээй коё бер да жүрөктөн деп,
А балким мыйыгынан күлүп жатат!
Бул жерде билесиңби кимим жатат?!!
Бир кезде менин кайрат сүрүм жатат.
Байкоостон дүйнө салып кете берген,
Баягы менин жалгыз иним жатат!
ООБА, ОШЕНТ
Күтпө мени, жолум болду арасат,
Сендик болгон бактымды ар ким талашат.
Таттуу кыял, ой максаттын баарысы,
Туңгуюктун түбүн көздөй баратат!
Сүйбө мени... татыксызмын сүйүүңө,
Сыздап турган обон кирди үнүмө.
Бубак баскан мейкиндикти бет алып,
Баратамын көңүл бурбай миңине.
Жекте мени, татыганмын ошого,
Жаркырасын сен олтурган көшөгө.
Мейли өчөш, баарын арнап а бирок,
Мага арнаган сезимди ага төшөбө.
Эсте мени, гүл ачканда жоогазын,
Ай толгондо жарык кылып тоо башын.
Баарын жеңип, жеңе албадым а бирок,
Махабаттын мага берген коогасын.
Кечир мени, кечир мени периштем,
Кулап түштүм бакыт деген өрүштөн.
Кезигербиз бирге болуп бир мезгил,
Акыреттен, атыр жыттуу бейиштен!

