super.kg logo

Ош шаарында 500 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 1-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ошко болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарынын “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы курулган № 27 орто мектебин ачты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, анда министрлер кабинетинин төрагасы жергиликтүү мугалимдер жана окуучулар жамаатын жаңы окуу жылынын башталышында жаңы билим уялуу болушу менен куттуктады.

“Кадырлуу агайлар-эжейлер, сүйүктүү окуучулар! Бүгүн сиздерде өтө чоң майрам. 3 миң бала окуп жаткан мектепке 500 орундуу кошумча заңгыраган мектеп салып бердик. Жаңы мектептүү болушуңуздар менен чын дилимден куттуктайм”, - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров ошондой эле мугалимдерге көрүлүп жаткан камкордуктар мындан дагы жакшыраарын, жаңы Билим берүү мыйзамына кол коюлганын билдирди.

“Садыр Нургожоевич жаңы Билим берүү мыйзамына кол койду. Кылым алмашса дагы, технологиянын заманы кирсе дагы, 2000-жылдан бери өзгөрбөй келе жаткан Билим берүү мыйзамы өзгөрдү. Эми сентябрь айынан баштап мектептин директорлорунун, окуу-тарбия жана башка завучтардын айлык акылары дагы жогорулайт”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бул мектептин курулушу былтыр башталып, 1 жылга жетпеген убакытта бүттү. 3 кабаттуу заманбап шарттары менен курулган 500 орундуу мектепке 95 миллион сом жумшалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: