Кыргыз-өзбек чек арасында "Кара-Багыш" өткөрмө бекети ишке кирди








Бүгүн, 1-сентябрда Оштун Араван районунун Чек-Абад айылдык аймагында жайгашкан кыргыз-өзбек чегиндеги "Кара-Багыш" өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, ачылыш аземине бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Акыркы он жылдан ашуун мезгилде жабык болгон бул чек ара бекетин эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасынын негизинде ачылып, Андижан облусунун Мархамат району менен Араван районунун үзүлүп калган карым-катнашы кайрадан жандангандыгына эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары кубанып турат.
Ачылыш аземине келген конокторго чакан концерттик программа уюштурулуп, эки тарап бири-бирин куттукташты.
Жаңы ачылган чек ара өткөрмө бекети бүгүндөн тарта атайын түзүлгөн графиктин негизинде иш алып барат.


