Ошто “Ынтымактын” оюнчусу Өмүрбек Эсен уулуна аргымак мингизишти (видео)

Видеодо "Ынтымак" командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулуна аргымак мингизип, башына калпак кийгизип, чапан жапканын көрүүгө болот.
Анда социалдык тармактын колдонуучулары "достукту, биримдикти, ынтымакты бийик коюп сыйга-сый мамиле кылалы", "ынтымагыбыз, достугубуз ар дайым бекем болсун" деп жазышкан.
Эске салсак, кечээ, 31-августта көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалында "Достук" жана "Ынтымак" командалары кез келишкен. Оюн 2:1 эсебинде "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктаган. Оюндан кийин көрүүчүлөр нааразы болуп, калыска жана "Ынтымак" командасынын оюнчуларына желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, аларды кубалашкан.
Кийин УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, тополоңдун катышуучулары кармала баштаганын айткан.
Ошондой эле бүгүн, 1-сентябрда Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданындагы көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран кармалган.
Ошто “Ынтымак” командасынын оюнчусу Өмүрбекке аргымак тартууланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.