super.kg logo

Баткенде Орусиянын колдоосу менен заманбап мектеп курулат

 

Бүгүн, 1-сентябрда Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу типтүү мектептин курулушун символдоштурган азем өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилүү болгондой, иш-чарага президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн форматында катышты.

Өлкө башчылары бул аракет эки өлкөнүн ынтымагын жана кызматташтыгын дагы да бекемделерине жана келечек муундун татыктуу билим алуусуна зор өбөлгө болорун белгилешти.

Аземге Баткенден министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Орусия президентинин чет өлкөлөр боюнча региондор аралык маданий байланыштар башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат жана жергиликтүү жетекчилер, тургундар катышты.

Аталган билим берүү мекемеси заман талабына жооп берген окуу кааналары, заманбап лаборатория, материалдык-техникалык база, спорттук зал,ашкана,бассейндери менен курулат.

Курулуш иштери долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталып, 2025-жылдын 1-сентябрына бүткөрүү пландалган.

Мектепте жергиликтүү мугалимдер менен атайын Орусиядан келген мугалимдер билим берет. Окуучулар Кыргызстандын жана Орусиянын күбөлүктөрүнө ээ болушат.

Белгилей кетсек, Баткен шаарында акыркы жылдары орус тилдүү мектепке болгон элдин суроо-талабы жогорулап, мектеп жетишсиздиги жаралган. Орус тилинде билим берген жаңы мектептин курулушу бул муктаждыкты жеңилдетүү аракети болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: