Санкт-Петербургда Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
Бүгүн, 1-сентябрда Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, консулдук Орусия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Орусиянын аймагында жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында ачылды.
Аталган Башкы консулдуктун консулдук округуна Карелия, Коми Республикаларынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактары кирет.
Жогорудагы консулдук округда жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтын бардык түрлөрү боюнча Башкы консулдукка кайрыла алышат.


