super.kg logo

Кара-Суу районунда 275 орундуу жаңы билим уясы пайдаланууга берилди

 

Бүгүн, 1-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айыл аймагында жаңыдан курулган 275 орундуу Октябрдын 70 жылдыгы атындагы орто мектебин ачты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

1-сентябрь – Билим күнү менен куттуктаган министрлер кабинетинин башчысы республика боюнча ушул күнү 150 миңден ашуун жаш жеткинчектер биринчи ирет мектеп босогосун аттап жатканын билдирди.

Мектеп – бул өлкө келечегинин символу, себеби инсандын калыптанышы мектептеги курагына туш келет, жалпы билим берүү мекемеси ар бир окуучу үчүн экинчи үйү катары саналат. Балдардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттарды түзүүбүз зарыл. Жаңы мектеп жаш муундун келечеги үчүн мыкты негиз болуп, республиканын өнүгүүсүнө өз салымын кошо турган мыкты коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин ордосу болот деп ишенем”, - деди Жапаров.

Жаңы салынган орто мектеп менен таанышып чыккан Акылбек Жапаров мамлекет билим берүү тармагына жылдан-жылга өзгөчө көңүл буруп жатканын кошумчалады.

Бул тармактын маанилүүлүгүн эске алып бюджетин жыл сайын көбөйтүп берүүдөбүз. Билим берүү тармагын каржылоо 2023-жылы 60,9 миллиард сомду түздү. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 миллиард сомго көп. Мындан тышкары, чыгаша статьяларынын эсебинен билим берүү тармагына республикалык бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө дагы каражаттар бөлүнүп келүүдө. Биз быйыл 204 мектептин курулушун баштасак, анын 100ү быйыл жылдын аягына чейин бүтөт. Биринчи сентябрга карата биз 36 мектепти бүтүрдүк”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, 2 кабаттуу 275 орундуу Октябрдын 70 жылдыгы атындагы орто мектебин курууга 90 миллион сом жумшалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: