Кара-Сууда асфальт-бетон жана таш майдалоочу завод ачылды













Бүгүн, 1-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагында “Салих Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган асфальт-бетон жана таш майдалоочу заводдун ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Жапаров өз сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасы мамлекетке ушул сыяктуу өндүрүштөр керек экенин жана мамлекет башчысынын ар бир айылга асфальт барышы керек деген тапшырманы бергенин билдирди.
“Айрым учурларда ушундай ишканаларды көрүп көзүң кубанат. Заводдун алгачкы үзүрүн биринчилерден болуп айылдын 5 км жолуна асфальт төшөп бериптир. Бизге дал ушундай өндүрүш керек болчу. Садыр Нургожоевич бизге ар бир айылга асфальт барышы керек деген тапшырманы берди. Жолдордун асфальт болушу – бир жагынан мамлекеттин өнүгүүсүн көрсөтсө, экинчи жагынан элдин машиналары бузулбай, экономикалык жактан чоң жардам болот. Ошондуктан биз менчик болсо дагы ар бир райондо бирден асфальт-бетон заводдорунун ачылышына абдан кызыкдарбыз жана бүгүнкүдөй демилгелерди кош колдоп колдойбуз”, - деди Жапаров.
Белгилей кетсек, завод толук кандуу жумушка киришкенде 100гө жакын жаран туруктуу жумуш менен камсыз болот, мамлекетке 100 миллион сомго жакын салык түшөт.


