super.kg logo

Өзгөндүн Токтогул айылында 225 орундуу жаңы мектеп эшигин ачты

 

Кечээ, 1-сентябрда Өзгөн районунун Токтогул айылында 225 орундуу Шопоков атындагы жаңы мектеп эшигин ачты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мектептин ачылышына саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова катышып, министрлер кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан аталган мектептин мугалимдерин, окуучуларын жана ата-энелерин Билим күнү менен куттуктады.

Министр өз сөзүндө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун аракетинин аркасында кенен, жарык класстары, китепканасы, спорт залы жана ашканасы бар жаңы мектеп балдарга эшигин ачканын белгиледи.

"1-сентябрь – балдар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн өзгөчө майрам. Жаңы мектептин ачылышы Зергер айылынын бардык тургундары үчүн жаңы окуу жылынын башталышына эң жакшы белек болду. Түзүлгөн шарттар жана мектептин мугалимдеринин кесипкөйлүгү балдарыбыздын окууда жакшы ийгиликтерге жетишүүсүнө жардам берет деп ишенем", - деди Баатырова.

Министр Гүлнара Баатырова балдардын жана жаштардын арасында пайдалуу адаттарды калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Саламаттык сактоо министрлигинин атынан сергек жашоо образын жайылтуу үчүн пайдалуу адаттарды калыптандырууга, ден соолук жана жалпы жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүүчү видео роликтерди көрсөтүп туруу үчүн сыналгы белек кылды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын башында мамлекет башчысы өлкө боюнча 100 жаңы мектеп куруу тапшырмасын берген. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар кайсы аймактарында 43 жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: