super.kg logo

Баткенде билим күнүндө төрт типтүү мектеп пайдаланууга берилди

 

Баткен облусунда быйылкы жаңы окуу жылына карата төрт типтүү мектеп ачылып, пайдаланууга берилүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алар:

  • Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы “Ж.Бөкөнбаев” мектеби
  • Исхак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы Жусуп Баласагын атындагы орто мектеби.
  • Баткен районунун, Орто -Боз айылындагы “Ж.Момунов” орто мектеби;
  • Кыштут айылындагы “Кыштут” орто мектеби;

Мындан сырткары дагы үч мектептин курулушу аяктап,пайдаланууга берүү алдында турат.

Алар:

  • Көк-Таш айылындагы “Көк-Таш” башталгыч мектеби;
  • Кара-Бак айылындагы “Бото Нарматов” орто мектебинин кошумча имараты;
  • Кызыл-Бел айылындагы “Масалиев” орто мектебинин кошумча имараты.

Ошондой эле быйылкы окуу жылына карата Лейлек районунда “Борбордук” жана “Максат” орто мектептери капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү.

Учурда облуста жалпы 34 билим берүү мекемелеринин курулушу жүрүүдө, анын 25и мектеп, 9у балдар бакчасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: