Чикагодогу Кыргыздарга президенттин атынан 2 боз үй тапшырылды






Чикагодо "Kyrgyz Community Center" кыргыз коомдук уюмуна кыргыздын эки хан боз үйүн салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Белгиленгендей, боз үйлөр кыргыз диаспорасы менен мекендин ортосундагы байланышты бекемдөөнүн жана колдоонун белгиси катары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан белекке берилди.
Боз үйлөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи Кыргыз коомчулугунун борборунда болуп, ага Чикагодогу Кыргыз диаспорасынын координаторлор, активисттер жана өкүлдөрү, белгилүү маданият ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер катышты.
Чикаго шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Болотбек Борбиев Садыр Жапаровдун куттуктоо катын окуп, анда жашаган жерине карабастан кыргыздын каада-салтын жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Боз үйлөр кыргыз маданиятынын жана каада-салттарынын символу катары "бакубат жашоонун" маанилүү элементи болуп, Америка Кошмо Штаттардагы кыргыз маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга көмөктөшө турган маданий иш-чараларды, жолугушууларды, билим берүү программаларын өткөрүү үчүн пайдаланылат.


