super.kg logo

Бишкектин түштүгүндөгү унаа жолдо коомдук транспорт үчүн жол тилке бөлүндү

 

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаарынын башчысы Эмилбек Абдыкадыров ЖКККББнын инспекторлору менен биргеликте атайын коомдук транспорт үчүн түзүлгөн жол тилкелери тууралуу пресс-тур өткөрдү.

Белгиленгендей, мындай максат коомдук транспорт үчүн шарт түзүү.

“Мындай өзгөртүүлөр коомдук транспорттун ылдам катташына шарт түзүп, шаардын түштүк райондорунан борбор жагына келүү жеңилдетилет. Мындан ары коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерди көбөйтүүнү пландаштырып жатабыз. Бул жолдо бир гана коомдук транспорт эмес, "Тез жардам" унаасы, өрт өчүрүү унаасы ошондой эле вело жол да каралган”, - деди калаа башчы.

Мындан тышкары Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Авазбек Досов да аталган жол тилке Аалы Токомбаев көчөсүндө Нуркамал Жетикашкаев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнө чейин эки багытта толук чийилип даярдалып, колдонууга берилгендигин кошумчалады.

“Эгерде жеңил унаалар коомдук транспорттор үчүн бөлүнгөн жол тилкелери менен жүрө турган болсо анда алар 1000 сом айып төлөйт. Эгерде белгиленген убакытка чейин төлөй турган болсо, анда 300 сом төлөйт”,- деди Досов.

Белгилей кетсек, коомдук транспорт үчүн жол тилкелерин бөлүү Бишкек мэриясы тарабынан сунушталып, ишке ашырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: