Камчыбек Ташиев Чоң-Алайдагы чек ара заставасына барды




Кечээ, 2-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алай районундагы жумушчу сапарынын алкагында, аймактагы Тилек Баатыр атындагы "Кара-Мык" чек ара заставасына барды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.
Маалымдалгандай, анда Ташиев чек ара заставасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, чек арачылардын күжүрмөн даярдыгы жана материалдык-теникалык базасынын абалын көрүп чыкты.
Мындан сырткары, заставанын чек арачылары үчүн тез арада жаңы турак-жайларды курулушун баштап, техникалык каражаттарды толугу менен жаңылоону тапшырды.
Ошондой эле, өлкө жетекчилиги тарабынан чек ара кызматына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана мындан ары да чек арачылар өз милдеттерин так аткарышы үчүн зарыл болгон заманбап шарттарды түзүү иши мындан ары да улана турганын белгиледи.


