Борбор калаанын батыш тарабында эстакадалык көпүрө пайда болушу мүмкүн





Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Бишкек башкы архитектура" мекемесинде Кытайдан келген потенциалдуу инвесторлорго бийик жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн долбоорун сунуштады. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жыйынга мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, мэриянын транспорт жана жол инфраструктурасы боюнча кеңешчиси Улан Уезбаев, Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев, анын орун басарлары Марат Жороев, Назгүл Койбагарова, райондордун башкы архитекторлору, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров макет боюнча эки вариантты сунуштады: Фучик көчөсү менен Дэн Сяопин проспектисинин кесилишинде тегерек түрүндөгү бийик жөө адамдар өтүүчү өтмөк же эстакадалык көпүрө куруу.
Кошумчалай кетсек, жыйында борбор калаанын башкы архитектору Урмат Карыбаев тарабынан Бишкек шаарынын башкы планы боюнча «Бишкек Сити» эл аралык бизнес борборунун эскиздери сунушталды.


