Кыргызстандын мектептеринде 120 орусиялык мугалим сабак бере баштады



Орусиялык 120 мугалим 1-сентябрдан тарта Кыргызстандын мектептеринде сабак бере баштады. Бул тууралуу Орусиянын Агартуу министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, алар 51 мектепте балдарга билим беришет. Мугалимдер "Орусиялык мугалим чет өлкөдө" долбоорунун алкагында келишкен.
Орусиянын агартуу министринин орун басары Денис Грибов Кыргызстандын билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен жолуккан. Анда ал мугалимдер «Акылдын күчү» программасынын алкагында балдарга математика жана физика сабактарын терең үйрөтүү максатында кошумча сабактарды өтүшөрүн айткан.
Анын негизги милдети – физика-математикалык билим берүүнү чет өлкөлөрдө жайылтуу. Сабактарды орусиялык мугалимдер окутушат, сабактар кошумча билим берүү программасынын алкагында орус тилинде өткөрүлөт.
Ошондой эле эки өлкөнүн агартуу тармагындагы кызматташтыгы мектеп менен эле чектелбестен орто кесиптик билим берүү жаатында да уланарын кошумчалаган.
Иманалиев Орусиянын Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң экендигин айтып, өлкөдө орусиялык тогуз мектеп куруларын белгилеген.


