super.kg logo

Нурлан Насип: "Супер-Инфонун" тандоосунан ырчылар бир жылдык эмгегине баа бере алат"

 
Бүгүн, 13-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жылдын мыктыларын аныктаган концерт өтүүдө. "Жылдын супер ыры" наамына талапкер ырчы Нурлан Насип "Менин да сүйүүм ушундай" деген ырын тартуулады. 
"Ырды эл абдан жакшы кабыл алды. Толкунданып жаткан учурубуз. Быйыл мүчөл жылым, ошону эске алып кызыл костюм кийип келдим. Бул кийимим бир нече жолу ийгилик алып келген. Ак жолтой болсун деп ырымдап койдум. Биз, ырчылар, жылдык эмгегибиздин кандай деңгээлде болгонун "Супер-Инфонун" тандоосунан улам билип турабыз. Буюрса, ийгилик биз жакта болсо, досторум менен майрамдайбыз",- деди ырчы. Мындан сырткары Нурлан Насип "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамына ат салышып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: