"Дордойдун" жанына дагы бир базар курулат

Маалымдалгандай, мэрия менен жеке компания аталган долбоор боюнча макулдашууга кол койду.
Жаңы комплекс Хвойная көчөсүндө жайгашкан «Бишкекасфальтсервис» мамлекеттик ишканасынын аймагына курулат. Бул ишкананын ишмердүүлүгү жакын жердеги конуштардын жашоочуларына терс таасирин тийгизгенине байланыштуу ал башка жакка көчүрүлөт.
"Базарды курууга камынган компания «Бишкекасфальтсервис» үчүн жаңы имарат куруп, атайын техника менен камсыз кылууга милдеттендирилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалангандай, долбоор аяктагандан кийин жеке компания жер участогун ага курулган комплекс менен кошо мэриянын балансына өткөрүп берет. Ошондой эле инвестор жыл сайын шаардык бюджетке акы төлөп турат.
Компания заманбап инфраструктурадагы базарды, ага кирүүчү транспорттук байланышты жана 1000ге чейин жумуш орундарын түзүүгө милдеттендирилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-12

22:48
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.