"Дордой" базарынын сатуучулары нааразычылык акцияга чыгышты (видео)
Бүгүн, 4-сентябрда Бишкекте “Дордой Жуңхай” базарынын айрым соодагерлери нааразычылык акцияга чыгышты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда жайылууда.
Митингге чыккандар “Дордой Жуңхай” дүң базарындагы бардык кампалар мамлекеттин мөөрлөрү менен жабылганын айтышууда.
Ишкерлердин айтымында, акцияга чыкканынын себеби салыктын көтөрүлүшүнө нааразы.
“Кампада турган товардын жалпы наркынан 10% салык катары төлөгүлө деп жатат. Бирок бул биз үчүн көп чыгым. 30 жылдан бери бизге товарлар кара базардан келет. Анын үстүнө биздин товарларды жакынкы Казакстан жана Орусия гана алат. Ишибиз мурдагыдай жүрүп жаткан жери жок. 10% төлөй албайбыз, кампаларыбызды ачып берсин”, - дешти акцияга чыккандар.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов соодагерлер менен жолугушуу үчүн базарга келди.
Ал август айынын аягында Мамлекеттик салык кызматы “Дордой” турак жай массивинде салыктык каттоосу жок ишкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирген. Агенттик рынокто субъекттердин жайгашкан жеринин картасын түзөт.
"Дордой базарынын" сатуучулары нааразылык акцияга чыгышты


