super.kg logo

Ырчы Айгерим Расул кызы "Дүйнө айымы" сулуулук сынагына катышат (видео)

 

Ырчы, актриса Айгерим Расул кызы "Дүйнө айымы" сулуулук сынагына катыша тургандыгын SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын Сочи шаарында өтө турган дүйнөлүк сулуу айымдардын “Дүйнө айымы” сулуулук сынагына сапар алат.

“Дүйнө айымы” сулуулук сынагына сапар алганы турам. Бул сынакка 12 өлкөдөн 40 катышуучу чоң байгеге ат салышат. Ушул күнгө чейин элим, жерим үчүн ак эмгегимди жумшап аракеттенип келем. Азыр эми жаркын тилегиңер менен ак батаңыздарды жайып, мага бул кароо сынактан жеңишке жетүүгө өбөлгө болуңуздар. Сиздердин колдооңуздар мен үчүн абдан маанилүү. Кыргыз элимдин ар намысын бийик тутуп, болгон күч-аракетимди жумшайм. Дүйнөлүк “Lady world” сынагына Кыргызстан биринчи жолу катышканы турат. Ошол биринчилерден болуп бара жатканыма сыймыктанам жана жоопкерчиликти туюп турам. Буюрса, кыргыз кыздарынын аруулугун, акылмандуулугун жана эң башкысы сулуулугун дүйнө жүзүнө даңазалайм", - деп билдирди ырчы.

Мындан тышкары ал акыркы жылдары тынымсыз кароо-сынактарга катышып, ошол сынактардан ийгиликтерге жеткендиги тууралуу айтты.

"Мен акыркы эки-үч жылда көптөгөн сынактарга катышып келе жатам. Катышкан сынактардын баары эле ийгиликтүү болду. Бир жерде токтоп калбай, эл аралык деңгээлге чыгуунун аракетин көрүп жүрөм. Мен биринчи жолу эл аралык деңгээлдеги сынакка катышканы турам. Бул сынакка катышууну мага Гүлзинат Суранчиева сунуштады", - деп кошумчалады ырчы.

Ошондой эле Айгерим "Дүйнө айымы" сынагында айымдардын бир эле сулуулугу эмес анын ийгилиги, жеке жашоосундагы ийгилиги, коомдогу орду да карала тургандыгын айтты.

Белгилей кетсек, "Дүйнө айымы" сулуулук сынагы 17-сентябрдан 23-сентябрга чейин уланат.






Айгерим Расул кызы "Дүйнө айымы" сулуулук сынагына катышат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.09.2023. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишиңе ийгилик. Мындай сулуу, келбети жагымдуу кыздарыбыз көп болсун.
04.09.2023. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка сулуу кыздар дагы барса болобу? Жээ бир эле кыз барыш керекби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: