9-сентябрда "Комуз күнү" белгиленет

Маалым болгондой, иш-чарада Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында көчмө көргөзмө, Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт көрсөтүлөт.
Мындан сырткары, бардык райондук маданият үйлөрүндө, кесиптик орто окуу жайларда, маданият жана искусство мекемелеринде аталган майрамдык күнгө карата иш- чаралар уюштурулат.
Эске салсак, "Комуз күнү" 2019-жылдан бери жыл сайын белгиленип келет. Ал кыргыздын салттуу- улуттук аспабын аздектеп сактап, аны муундан – муунга маданий мурас жана таберик катары өткөрүп берүү, бул өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү ар тараптан колдоо максатында уюштурулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.