super.kg logo

Акыйкатчы институту сот отурумдарын аудио-видео фиксация менен камсыздоого чакырды

 
Акыйкатчы институту сот органдарын отурумдарды аудио-видео фиксация менен камсыздоого чакырды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, институт сот органдарын аудио, видео жаздыруу системаларынын тынымсыз иштөөсүн камсыз кылууга жана бузулган учурларды ыкчам оңдоо зарылдыгына көңүл бурууга чакырды.
Сот жыйындарын мониторинг кылуу учурунда процессти аудио же болбосо видео фиксация (АВФ) менен камсыздоодо маселелер бар экени аныкталган.

"Акыйкатчы институтунун сот органдары менен иштөө жана соттук процесстерге мониторинг жүргүзүү иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев аудио жана видео фиксация системалары бузулгандыктан улам сот процесстери аргасыздан башка учурга жылып калып жатканын билдирди.

“Мындай жагдай процесстин катышуучуларын нааразы кылат. Анча оор эмес кылмыш, азыраак оор, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөттөрү так регламенттелген.
Мисалы, ушул жылдын 11-августунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда боло турган процесс АВФ системасы иштебей калгандыктан өткөн жок.
Техникалык бузулуу өз маалында оңдолгон эмес. Бул сотко катышып жаткандарды нааразы кылды”,- деп айтты ал.
Ага ылайык, Калчабаев АВФ системасы өз маалында техникалык тейлөө көрсөтө албаганы кылмыш иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого тоскоол болоорун кошумчалады.

Сот кызматкерлери менен сүйлөшкөн учурда АВФ системасын оңдоого 10дон ашык күн же андан көп убакыт талап кылынары айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: