super.kg logo

Мэр Эмилбек Абдыкадыров кол алдындагы кызматкерлерди тилдеди (видео)

 

Бишкек мэриясында мектептерде ата-энелерден акча чогултуу, коррупцияны алдын алуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 5-сентябрда аталган мекемеден SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү уюмдарынын директорлору боюнча жыйын өттү.

Ага ылайык, калаа башчы Бишкектеги мектептердин айрым директорлору мектепти өздөрүнүн үй-бүлөлүк институтуна айландырышканын, алар кеткенден кийин жакындарын таштап кетишкенин белгиледи.

Ошондой эле ал ата-энелер тарабынан мектеп директорлорунун үстүнөн мыйзамсыз акча чогултуулар боюнча көптөгөн арыздар түшүп жатканын айтты.

"Эмилбек Абдыкадыров иштин жүрүшүн көзөмөлгө алып, укук коргоо органдарынан, тактап айтканда УКМКнын шаардык башкармалыктарынан, Ички иштер министрлигинен өз убагында чара көрүү зарылдыгын белгиледи.

Борбор калаанын мэри райондук билим берүү борборлорунун жетекчилерине Бишкек шаарындагы ар бир мектеп директорунун ишин изилдеп, баа берүүнү тапшырды", - деп билдиришти мекемеден.






Эмилбек Абдыкадыров кол алдындагыларды тилдеди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: