super.kg logo

"Чет элдик сериалдардан калышпайт".  Бишкекте "Жалбыз" сериалынын бет ачары болду

 
Бүгүн, 5-сентябрь күнү Улуттук тарых музейинде “Жалбыз 2” социалдык-лирикалык тасмасынын бет ачары болуп өттү.

Сериалдын бет ачарына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Роза Айтматова жана бир катар маданият өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада алгач ырчы Гүлзада Рыскулованын ыр аткаруусу орун алды.
Андан соң фильмдин автору, "Кыргызсериал чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесинин жетекчиси, драматург Жеңишгүл Өзүбекова сөз сүйлөп, иш-чараны ачып берди.
Анын айтымында аталган сериалды тартуу мамлекеттик колдоого алынып, сапаты жана сарпталган убактысы жагынан мурунку сериалдардан бир топ айырмаланат.
"Мен 22 жылдан бери жалгыз, сүйрөлүп сериал тартып келаткан болсом, бул жылдан тарта мамлекет ийинимден кандайдыр бир оор жүктү алгандай болду. Өлкө идеологиясын чагылдырып, улуттук идеяга каныгып ушундай сериалдарды жаратуума мамлекет шарт түзүп берди.
Байкаганыбыздай, учурда чет элдик сериалдар кара таандай каптап кетти, биздин эл ошонун таасиринен чыга албай калды. Биз мындай учурда 365 күн тынбай иштеп, сериал жаратуубуз керек.
Быйыл 4-5 айдын ичинде жалпы ушундай долбоор даярдадык. Жакында 6 ар башка тематикадагы сериалдар чыгат.
"Жалбыз" өтө чоң сүйүү туурасындагы, адамгерчилик, жашоо-турмушту камтыган, учурдун көйгөйүн чагылдырган тасма десем болот. 2-сезону да 12 сериядан турат, буга чейин 12-сериясы элге тартууланган. Жалпы 36 серия болмокчу.
"Жалбыздын" бул сезонунда жаңы жүздөр бар. Өзгөчө жаш оюнчуларга ишеним артып, жоопкерчиликти бердик. Бул улуу муун менен кичүү муундун тандеми, гармониялык байланышы деп эсептейм. Ушинтип иштешкенде жаңылыштык, катачылык да кетпейт десем болот.
Башында бул сериалды тартуу үчүн 50 күн белгиленген, бирок жаштардын деми менен 30 күндө бүтүрдүк. Албетте, "Жалбыздын" 1-сезонунан сапаты, сарпталган убактысы жагынан кыйла айырмаланат", - деди ал.
Мындан тышкары, жакында "Нарк", "Чоочун киши", "Көгүлтүр гүлдөр", "Чыпалак баатыр", "Мурас" тасмаларынын бет ачары болорун кошумчалады.
Андан кийин иш-чарада аталган тасмалардын трейлери көрсөтүлүп, "Жалбыздын" 2-сезонунун 1-сериясы көрүүчүлөргө тартууланды.
Иш-чаранын соңунда келген коноктор тартуучу топко жана тасманын авторуна ыраазычылык билдиришип, алкоо сөздөрүн айтышты.

Белгилей кетсек, сериалдын премьерасы 11-сентябрь күнү саат 22:00дө УТРКда болот.
Фильмдин режиссёру Ринат Мурзаев, ал эми башкы продюсери Жеңишгүл Өзүбекова.
"Жалбыз" - 36 сериядан турган курч сюжеттүү, детективдик элементтерди камтыган, социалдык-лирикалык заманбап мелодрама. Роль жараткандар - Таалайкан Абазова, Алтынай Муканбет кызы, Таазим Үмөтаалы, Кымбатбек Алимжанов, Өмүрбек Нурдинов жана башкалар.





"Жалбыз 2" сериалынын бет ачары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: