super.kg logo

Залина Касымова: "Туулган күнүмдү үй-бүлөлүк майрамга айлантып жатам"

 

Бүгүн, 7-сентябрда өздүк майрамын кыял кыякчы Залина Касымова белгилеп жатат. Аны куттуктап байланышканыбызда маанайы мыкты экенин, түнкү саат 12ден баштап куттуктоолорду кабыл алып жатканын айтты.

"Куттуктоолорду кабыл алып жатам. Маанайым сонун! Буга чейин туулган күнүмдө гостролдо болуп же досторум менен майрамдап келсем, соңку жылдары үй-бүлөлүк майрамга айландырып жатам. Жеке майрамды ата-эне, бир туугандарым, бала-чакам менен чогуу тосконду туура көрүп калдым. Анткени алар жашообуздун эң маанилүү бөлүгүн ээлейт. Бүгүн да жакындарымдын жанында болом. Дасторкон жайып, чер жазып сүйлөшүп, күндү көңүлдүү өткөрөбүз деп турам. Негизи туулган күнгө аябай маани берип, аны күтүп, тоскондордун катарында эмесмин. Көп элди чогултуп, майрамдабайм деле. Учурдан пайдаланып жакшы сөзүн арнап жаткандардын баарына ыраазычылык айткым келет. Элдин кызы болгонума дагы бир ирет кубанып, ыраазы болуп турам", - дейт ырчы.

Кыл кыякчы Залина Касымова 1986-жылдын дал ушул күнү Бишкек шаарында туулган.

Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктаган соң Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик аспаптар бөлүмүн аяктаган. Ал кыл кыяктын үнүнө ылайыктап “Менин сүйүүм”, “Мезгил закымдары”, “Сезим ыргактары” аттуу 20га жакын күү жаздырган.

7-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: