"13ү аялдар". Жети-Өгүздүн Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады
Кечээ, 7-сентябрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу Боршайком кабарлайт.
Маалымдалгандай, Саруу айылдык кеңешинде мандаттардын жалпы саны – 21. Ал эми көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 41 адамды түздү, анын ичинен 13ү аял талапкерлер.
Документтер 18-сентябрга чейин Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерет.
Паспорттук маалыматтарды, жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүн (каттоо), жарандыгын, соттуулугу бар-жогу жана башка маалыматтар каралат.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 8-октябрга белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

