Адахан Мадумаровдун кармалышы: Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдонду
Оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун чечиминин мыйзамдуулугун кароо боюнча Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылышты. Мындай маалымат саясатчынын Telegram каналына жарыяланды.
Шаардык сот арызды 2023-жылдын 13-сентябрында саат 15:00дө карайт.
2-сентябрда эл өкүлү Адахан Мадумаров ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ушул эле күнү ага карата Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 24-октябрга чейин камакка алуу чечими кабыл алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.