super.kg logo

Бек Борбиев: "Менин атымдан коюлган бардык "Бектерди" чогултуп чай бергим келет" (маек)

 

Кыргыз эл артисти, ырчы Бек Борбиев өзүнүн чыгармачылык жолу, кыйынчылыктары, жетишкендиктери жана шайлоого катышкандыгы тууралуу SUPER.KG порталына берген маегинде айтып берди.

Анын айтымында, атактуулуктун терс жагы адамдын эркиндигин алып коёт.

"Көчөгө иштериң менен чыксаң ээн-эркин жүрө албайсың. Мени тааныгандар сүрөткө түшүп алалы дешет. Көпчүлүгү мени менен баарлашкысы келет. Ошол себептен таанылбаганга аракет кылып, кепканы баса кийип алганга туура келет", - деди Борбиев.

Ошондой эле ал өзүнүн атына коюлган "Бектерди" чогултуп чай бергиси келе тургандыгын айтты.

"Мен жаңы ырдап чыкканда эле бир-эки жылдан кийин көпчүлүк ата-эне балдарынын ысымын "Бек" деп коё башташкан. 70 жашка толгонумда менин атымдан коюлган бардык "Бектерди" чогултуп чай берип, таанышып, алардын тагдырлары тууралуу билгим келет. Ата-энелер көпчүлүк учурда турмушта бекем болсун деп "Бек" ысымын коюшу мүмкүн, ошондой эле мендей ырчы болсун деп "Бек" деп коюшу мүмкүн. Мисалы, мен билгенден азыркы Бек Исраилов деген ырчынын аты менин атымдан коюлган", - деп кошумчалады ырчы.

Мындан тышкары Бек Борбиев Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанганы тууралуу айтып бергендигин кененирээк төмөндөгү видеодон көрө аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: