super.kg logo

Эмгек министрлигинде коррупциялык схема аныкталды (сүрөт)

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери мамлекеттик социалдык төлөмдөрдү жана жөлөк пулдарды төлөөдө акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып алуу боюнча коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө маалыматтар аныкталган.

Ага ылайык, 2021-2022-жылдарга карата Аламүдүн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүндө аудит жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында Аламүдүн райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүүлөргө барышкан. Анда алар кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык жасалмалоо жана тиешелүү документтерди жасалмалоо жолу менен 9 миллион 52 миң 926 сом өлчөмүндөгү социалдык төлөмдөрдү жана жөлөк пулдарды мыйзамсыз өздөштүрүшкөн. Ага байланыштуу башкы бухгалтер Б.А.Б., бухгалтерлер Д.Ж.А., А.Т.кызы, М.Н.Т., К.А.Ш., социалдык кызматкер С.Д.Т. жана социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн кызматкерлери Т.Г.Т. жана А.Д.У. тарабынан өздөштүрүлгөн.

Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында күнөөлүүлөр Кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Андан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган кызмат адамдары тарабынан Аламүдүн районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция райондук бөлүмүндө ушул сыяктуу социалдык төлөмдөрдү максатсыз ыйгарып алуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: