Бишкекте ичинде 38 миң доллары бар сейф уурдалган. Шектүү кармалды

24-август күнү Аламүдүн РИИБине арыз менен 1991-жылы туулган Р.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал ошол эле күнү саат 04:30 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан соода ишканасынын аймагына мыйзамсыз кирип, ошол жердеги эки кабаттуу имараттын ичинен 38 000 доллар жана документтер бар болгон темир сейфти жашыруун түрдө уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө сырткы жана ички видеобайкоо камераларынын жазуулары алынып, жыйынтыгында 4-5 шектүү адамдардын болжолдуу фотопортреттери жана Бишкек шаарынын, Чүй облусунун аймагында жүрүшкөн көк түстөгү Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа аныкталган.
31-августта аталган кылмышка шектүү катарында 1991-жылы туулган Ж.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аны тинтүү учурунда шектүүнүн туугандарынын үйүнөн 22 миң сом накталай акча, алтын буюмдар жана 24-августта 250 миң сом которгондугу тууралуу дүмүрчөк табылып алынган.
2-сентябрда кылмышка шектүү Ж.С. аттуу жаранга айыбы угузулуп, Аламүдүн районунун судьясынын чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда бул кылмыштын калган шериктерин аныктоого багытталган мындан аркы тергөө ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.