super.kg logo

Нарында Ормон хандын 230 жылдык мааракеси белгиленет

 
Нарында Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара 2-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунда уюштурулат. Мааракенин алкагында Семиз-Бел айылында Мамлекеттик Туу көтөрүлүп, Ормон Ниязбек уулунун эстелиги ачылат.
Иш-чаранын расмий бөлүгү Кочкор айылындагы стадиондо болсо, маданий бөлүгү “Ормон Хан” сейил багында уюштурулат. Ошондой эле улуттук ат оюндары Семиз-Бел айылындагы Орто-Токой аймагында өткөрүлөт.

Сарыбагыш уруусунун чоң манабы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.

Тарыхый маалыматтарга караганда, анын жашоосу кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келген. Отуз жашынан баштап эл башкарууга аралаша баштаган.

Анын атак-даңкы артып, кыргыз урууларынан баштап казактардын арасында дагы таасири күчөгөн. Анжиян, Алай, Ферганадагы аркалык кыргыз урууларынын башчылары Ормон хан менен алака катышта болуп турушкан.

Убагында казак ханы Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдесе, Чүй жергесин душмандардан коргоп келген. Сырткы душмандарга каршы күрөшүп, даңкы Орусия, Кытай империяларына жеткен кыргыз ханы ички душмандардын колунан каза тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: