Күрөш: Акжол Махмудов Белграддагы экинчи атаандашын укмуштуудай көтөрүп чапты (видео)
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалына чыкты.
1/8 финалда Акжол Махмудов египеттик балбан менен кез келди. Анда биринчи бөлүктө кыргыз балбаны атаандашынын артына өтүп, андан кийин аны укмуштуудай көтөрүп чаап, 4 упай алды.
Экинчи бөлүк башталары менен Акжол Махмудов атаандашынын артына кайра өтүп, эсеп санын 9:0гө айлантты.
Муну менен Акжол Махмудов Дүйнө чемпиондугунун 1/4 финалына чыкты. Анда кыргыз балбаны өзбекстандык Арам Варданян менен кез келет.
Акжол Махмудов египеттик атаандашын укмуштуудай көтөрүп чапты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.