super.kg logo
  Спорт  

Жаштар арасында кичи футбол жана волейбол боюнча Ош шаарынын кубогу өтөт

 

5-октябрь күнү жаштар арасында кичи футбол жана волейбол боюнча Ош шаарынын кубогу өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, мелдештерге 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар катыша алат.

Катышуу үчүн табыштамалар муниципалдык аймактык башкармалыктар аркылуу, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине 2023-жылдын 30-сентябрына чейин кабыл алынат.

А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун резервдик кичи футбол аянтчасында эркектер арасында кичи футбол боюнча, ал эми “Кыргыз-Иран достугу” спорт комлексинде аялдар арасында волейбол боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар, медалдар, кубок жана дипломдор менен сыйланат.

Сурап билүү телефондору: (03222) 5-63-78, 7-06-99.

Дарек: Супаналиев көчөсү №1 (болжолу борбордук стадион).

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара шаар күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: