super.kg logo
  Спорт  

"4 жылдан кийинки тарых". Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиону болгондон кийин билдирүү жасады (видео)

 

Кечээ, 21-сентябрда кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алтын байге утту.

Финалда кыргыз балбаны япониялык Сакура Мотоки аттуу балбан менен кез келип, атаандашын 4:1 эсебинде жеңди.

Финалдык беттештен кийин Айсулуу Тыныбекова кайрылуу жасап, бул жеңиш 4 жылдан кийинки тарыхый жеңиш экенин белгиледи.

"Жалпы командабыз менен алтынга максат коюп келгенбиз. Анткени быйылкы Дүйнө чемпиондугу Олимпиада оюндарынын алдындагы чемпионат. Бардыгы билгендей эле абдан күчтүү, жогорку деңгээлде өтөт. 4 жыл мурун биринчи жолу тарых жаратып, биринчи алтын байгеге ээ болгом. 4 жылдан кийин ушундай дагы бир жолу тарых жаратып жатабыз.

Бул жеке менин эле медалым эмес, бул медалдын аркасында канча деген эмгек, мээнеттин аркасы менен ушул байгеге жетип жатабыз. Азыркы учурда сүйүнүчүмдө чек жок, Аллага шүгүр, бүгүнкү күнгө жетип жатканыбызга", - деди Тыныбекова.

Ошондой эле ал кыргызстандыктарга, президентке, федерация жетекчилерине жана күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.

Айсулуу Тыныбекова карьерасында үчүнчү ирет Дүйнө чемпиону болду. Буга чейин ал 2019-жылы Астанада, 2021-жылы Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан.






Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиону болгондон кийин билдирүү жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.09.2023. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллага шүгүр деп жөнөкөйлүгүн көргөзгөн Айсулууга терең таазим этем, спорт жаатында намысыбызды коргоп жаткан кыздарыбыздын эмгегин баалап жаткан Казак бир тууганым сага да рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: