Супер концерттин 2-күнү башталды






Бүгүн, 14-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер концерт-2013түн" экинчи күнү өтүп жатат. Учурда эл залдан орун алып, концерт башталды. Элдин маанайы беш.
Автор: Дамира Арстанова
Фото: Адилет Бектуров
Концертти "We`ll be" бий тобу ачты. Алар менен кошо ырчылар Асел Кадырбекова, Дайыр Исмадияров, Даниель, Жоодарбешим, Нурмат Садыров, Аваз Акимов жана Малика-Дина бийлөөдө.
Эске салсак, кечээ, 13-декабрда Супер концерттин биринчи күнү өтүп, анда жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Жыйынтыгында, Керемет Жеңишова "SUPER.KG ажары-2013", Айзуура Иманалиева "Сымбаттуу сулуу-2013", Рахима Кускакова "Ажарлуу сулуу-2013" наамдарына ээ болушту. Ал эми "Супер сулуу-2013" наамына Орункүл Шабралиева ээ болду. Ага баалуу таштар чөгөрүлүп жасалган күмүш таажы кийгизилип, экзотикалык өлкөлөрдүн биринде эс алып келүүгө жолдомо тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.