Кытайга акысыз окууга жөнөтүү үчүн студенттерден пара алган окутуучулар кармалды (видео)







Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Кытайдагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн студенттерден 900 доллар өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталган.
Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн И.Б. жана А.С. аттуу жарандар кармалып, өз кезегинде Б.Р. аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилгени айтылды.
Кытайга акысыз окууга жөнөтүү үчүн студенттерден пара алган окутуучулар кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.