"Суктандым". Роман Власов Акжол Махмудовдун тарыхый жеңишине реакция жасады
Эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власов кыргыз балбаны Акжол Махмудовдун эки жолу катары менен Дүйнө чемпиону болгонуна реакция жасады.
"Акжол баатыр, мен суктандым. Арстандай эле күрөштү жана натыйжалуу жыйынтык. Эки жолку чемпион. Кыргыз туугандарыбызды Айсулуу жана Акжолдун жеңиши менен куттуктайбыз", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Власов.
Акжол Махмудов Дүйнө чемпиондугунун финалында азербайжандык Санан Сулейманов менен кез келип, аны 1:1 эсебинде жеңип алган. Муну менен Акжол Махмудов Кыргызстандын тарыхында катары менен эки жолу Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.