"Буюрса Олимпиада". Жоламан Шаршенбеков тарыхый жеңишинен кийин билдирүү жасады (видео)
Белграддагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын байге уткан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков кайрылуу жасады.
Кайрылуусунда Дүйнө чемпиону бул жеңишинен кийин көздөгөнү Олимпиада оюндары экенин белгиледи.
"Кудайга шүгүр, Дүйнө чемпиондугунда экинчи жолу алтын болуп жатат. Бардык мени колдогондорго, күйөрмандарыма терең ыраазычылык, бардыгыңыздарды жакшы көрөм. Буюрса, муну менен токтобойбуз, алдыда буюрса Олимпиада", - деди Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков финалда япониялык Кеничиро Фумита менен кез келип, аны 11:6 эсебинде жеңди. Муну менен Жоламан Шаршенбеков карьерасында төрт жолу Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгып, эки алтын медаль уткан Кыргызстандагы алгачкы балбан болду.
Жоламан Шаршенбеков жеңишинен кийин билдирүү жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
zam81

24.09.2023. 09:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматтар Кыргыздын сыймыгы болуп дуйного таанытып журо бергиле буйруса олимпиада да алтын болсун
Datka7777

24.09.2023. 14:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СуперИНФО кандайча алгачкы Дуйно чемпионаттында 2 алтын медаль уткан алгачкы кыргыз? Урдура бересинерби Акжол Махмудов бир кун мурда Дуйнонун эки жолку чемпиону болсо, Айсулуу Тыныбекова 3 жолку чемпион болду. Мен жоламанга эч ич тардыгым жок бирок туура так маалымат жазгыла
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.