Азия оюндары: Кыргыз мушкери биринчи атаандашын жеңди
Кечээ, 24-сентябрда Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында бокс боюнча беттештер старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, алгач Кыргызстандан 63 килограмм салмак даражасында Аскат Култаев күч сынашты. Ал Сауд Арабиядан келген атаандашын 2-раундда нокаут менен жеңди.
Спортчу 1/16 финалдан баштаган. Эми анын кийинки беттеши 27-сентябрь күнү өтөт.
Эске салсак, учурда Кытайдын Ханчжоу шаарында төрт жылда бир өтүүчү Азия оюндары болуп жатат. Спорттук иш-чара 23-сентябрдан 8-октябрга чейин болмокчу. Ага 40тан ашык өлкөнүн спортчулары катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.