Супер концерттин башталарына саналуу мүнөттөр калды

Бүгүн, 14-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер концерт-2013түн" экинчи күнү өтөт. Бул концертте жылдын мыктылары аныкталып, аларга статуэтка, дипломдор тапшырылмакчы. Бул жылы "Жылдын супер ырчы айымы", "Жылдын супер ырчы мырзасы" наамдарына кимдер ээ болушат? Ал концерт учурунда аныкталмакчы. Андыктан Супер концертти өткөрүп жибербеңиз.
Автор: Дамира Арстанова
Учурда уюштуруучу топ концерттин катышуучуларын, конокторду жана көрүүчүлөрдү чыдамсыздык менен күтүшүүдө.
Эске салсак, кечээ, 13-декабрда Супер концерттин биринчи күнү өтүп, анда жарым жылдан бери жүргүзүлүп жаткан "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Жыйынтыгында Керемет Жеңишова "SUPER.KG ажары-2013", Айзуура Иманалиева "Сымбаттуу сулуу-2013", Рахима Кускакова "Ажарлуу сулуу-2013" наамдарына ээ болушту. Ал эми "Супер сулуу-2013" наамына Орункүл Шабралиева ээ болду. Ага баалуу таштар чөгөрүлүп жасалган күмүш таажы кийгизилип, экзотикалык өлкөлөрдүн биринде эс алып келүүгө жолдомо тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.