super.kg logo
  Спорт  

"Манас" аэропортунда грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондорун тосуп алышты (сүрөт)

 

"Манас" эл аралык аэропортунда Кыргызстандын эркектер арасында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондорун тосуп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортунда эркектер арасында грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданы тосуп алуу аземи өттү.

Ага ылайык, Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда эркектер арасында өткөн грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстандын балбандары Акжол Махмудов (77 килограмм чен бирдикте) жана Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм салмак категориясында) алтын байге жеңди.

"Спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын аэропорттон Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана спортчулардын күйөрмандары, туугандары, ЖМК өкүлдөрү тосуп алышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпиондугунан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын, Айпери Медет кызы күмүш жана Тайырбек Жумашбек уулу коло байге жеңди. Ошону менен бирге эле 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага төрт жолдомо алышты. Тайырбек Жумашбек уулу олимпиадалык эмес салмак категориясында күрөшкөн, андыктан ага лицензия берүү каралган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: