Азия оюндары: Эрлан Шеров Кыргызстанга тарыхый алтын медалды алып келди
Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль тагынды.
Маалымдалгандай, 90 килограмм салмакта беттешкен дзюдочу финалда былтыр дүйнө чемпиону болгон өзбекстандык спортчу Давлат Бобоновду жеңип, алтын байгеге ээ болду.
Финалга чейин Шеров кытайлык спортчуну 1:0 эсебинде, чейрек финалда Ливандан келген атаандашын 10:0 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда болсо Бириккен Араб Эмиратынан келген спортчуну утту.
Муну менен Эрлан Шеров Азия оюндарында Кыргызстанга алгачкы алтын байгени алып келди. Бул Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарында дзюдо боюнча алгачкы алтын медаль.
Буга чейин 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында Артур Те менен Владимир Золоев коло медалга ээ болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.