super.kg logo

Ошто мектептердин жеке жактарга берилген жер аянттары такталды

 
Ошто мектептердин жеке жактарга берилген жер аянттары такталып бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, жалпы 52 мектептин ичинен 31 мектептин аянтынан жерлер жеке жактарга сатылып, берилип кеткендиги аныкталган.
"Учурда кимге, ким тарабынан берилгендиги тууралуу бардык маалыматтар такталып бүттү. Анын жыйынтыгы менен бүгүн укук коргоо органдарынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, юристтердин катышуусунда жыйын өттү. Мында көрүлүүчү чаралар, мектептердин аянтын баштапкы калыбына келтирүү боюнча алдыда жасалчу жумуштар аныкталып, тиешелүү протоколдук тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, укук коргоо органдарынан жана мекеме-ишканалардын юристтеринен турган жумушчу тобу түзүлдү. Аталган топ өздөрүнө тиешелүү болгон маалыматтарды жана иш кагаздарын ыкчам берүүнү камсыздап, соттук процесстерде бирдиктүү иш алып барышат.
Белгилей кетсек, мектептердин аянтын жеке жактарга соода түйүндөрүн, турак жай жана коомдук жайларды салуу үчүн берүү фактылары 1991-2006-жылдар аралыгында эң көп катталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: