super.kg logo

"Чет жактан чыгармачыл топ келип ошолор менен эле жүрөм". Актёр Амантур Мусаев 32 жашка толду

 

Бүгүн, 27-сентябрда кыргыздын жаш актёру Амантур Мусаев 32 жашка толду. SUPER.KG порталы актёрду куттуктап байланышка чыкканда, ал туулган күнүн үй-бүлөсү менен тосорун айтты.

"Чет жактан чыгармачылык топ келген. Ошолор менен эле алек болуп жүрөм. Эртеден бери бошой албай, азыр бир аз убакыт болуп калгандыктан сиздерге жооп берип жатам. Азыр туулган күн тоспой эле коноктор менен жүрөм. Кечинде бошоп, үйгө барганда үй-бүлөм менен эле тосом", - деди Мусаев.

Амантур Мусаев 1991-жылы 27-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районунда туулган, үй-бүлөдө 6 бир тууган. Ал Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы окуу студиясын аяктап, учурда театр жана тасма актёру катары белгилүү.

Буга чейин "Көргүм келет", "Миллиондук мелдеш", "Поларис шооласы", "Флешбэк" жана башка тасмаларга тартылган.

27-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: