super.kg logo

Араванда милиция кызматкери кармалды

 

Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери опузалап пара талап кылып, аны алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"25-сентябрда 12 миң сом алып жаткан жеринен Араван райондук милициясынын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты Ж.у.К. кармалды. Ал Араван районундагы дүкөндөрдүн биринен 26 миң сомдук азык-түлүк уурдалды деген факты менен арыздануучусу жок ишти токтотуу үчүн 31 миң сом талап кылган", - деп билдиришти УКМКдан.

Буга чейин, 21-сентябрда участкалык инспектор Ж.у.К. шектүүнү Д.О. аттуу досу менен бирге кеңсесине чакырып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу менен физикалык күч колдонуп, опузалап акча талап кылып, 19 миң сом алганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкери УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: