super.kg logo

Өлкөдө жыл башынан бери кызамык оорусунун 2300 учуру катталды

 
Өлкөдө жыл башынан бери кызамык оорусунун 2 миң 316 учуру аныкталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча: Бишкек шаары – 660 учур, Ош шаары – 302 учур, Ош облусу – 654 учур, Баткен облусу – 93 учур, Чүй облусу – 277 учур жана Жалал-Абад облусу – 170 учур, Талас облусу – 84 учур, Ысык-Көл облусу облуста – 65 учур, Нарын облусунда – 11 учур.
Оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби кызамык жана кызылчага каршы пландуу эмдөө менен балдарды жана чоңдорду камтуунун кыскарышы болуп саналат.
"Кызамык вирусунун жүгүртүүсүн азайтуу, анын очогун локализациялоо жана андан ары жайылышын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги 18-сентябрдан баштап, 29-сентябрга чейин улана турган кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясын вирустун эң активдүү жүгүртүүсү жүрүп жаткан өлкөнүн аймактарында - бул Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында 9 айдан 7 жашка чейинки балдардын арасында, эмдөө статусуна же мурун кызамык жана кызылча ооруганына карабастан эмдөө жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 18-сентябрдан 26-сентябрга чейин кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө үчүн балдарды камтуу максаттуу топтун 55 пайызын түздү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: